Компания
Өндүрүш жөнүндө
«Интергласс» ЖЧК айнек заводу жүз пайыз Steinert Industries GmbH (Германия) туунду компаниясы болуп саналат жана 20 жылдан ашык убакыттан бери айнек өндүрүүгө адистешкен.
«Интергласс» ЖЧК – жергиликтүү жана европалык стандарттарга ылайык келген жогорку сапаттагы өндүрүмдү чыгарган заманбап ишкана.
Заводдо 1 400дөн ашык адам иштейт, алар заманбап технологияларды пайдалануу менен жылына 16 миллион чарчы метрден ашык айнек өндүрөт. Германиядан алынып келинген өндүрүштүк технология өндүрүштүк кубаттуулук менен
айкалышып, заводдун ондогон жылдардан бери Борбор Азияда ири айнек өндүрүүчүлөрдүн бири болуу мүмкүнчүлүгүн камсыздап келет жана завод башка өлкөлөргө өндүрүмүн жайылтууну улантууда.
Туруктуу өнүгүүнүн жана өркүндөөнүн аркасында биз коммерциялык жана жеке кардарлар үчүн мыкты чечимдерди сунуштайбыз.
САНДАР МЕНЕН
Өндүрүш жөнүндө фактылар
Өндүрүм
Заводдун негизги өндүрүшү Interglass — Float айнек тактасын чыгаруу болуп саналат. Айнек тактасы калай эритиндисинде термикалык калыпка салуу ыкмасы менен өндүрүлөт…
2006-жылдын 11-августунда «Steinert Industries» компаниясынын ЕРӨБ менен биргелешкен өткөөл мезгилдеги өлкөлөр үчүн долбоорун жүзөгө ашыруунун алкагында «Интергласс» ЖЧК аймагында…
Жылтырланган айнек (триплекс) – бул пленканын жардамы менен бирге жылтырланган эки же андан көп айнектен турган архитектуралык айнек. Колдонулган пленканын параметрине жараша…
«Интергласс» айнек заводу европалык өндүрүүчүлөрдүн жабдуусунда жана технологиясында даярдалган 28, 34 жана 70 мм калыңдыктагы үч коргоо классындагы ок өтпөс айнекти сунуштайт…
ӨНДҮРҮШТҮК
ПРОЦЕСС ТОЛУК АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН
ПРОЦЕССТИН ПАРАМЕТРЛЕРИ ҮЗГҮЛТҮКСҮЗ БААЛАНАТ
ӨНДҮРҮМДҮН САПАТЫНА ТУРУКТУУ КӨЗӨМӨЛ ЖҮРГҮЗҮЛӨТ