Preloader
Preloader

Interglass LLC

Ок өткөрбөс айнек

«Интергласс» айнек заводу бүтүндөй Орто Азияда жана Казакстанда аналогдору жок, европалык өндүрүүчүлөрдүн жабдуусунда жана технологиясы менен даярдалган, 28, 34 жана 70 мм калыңдыктагы үч коргоо классындагы ок өткөрбөс айнекти сунуштайт.

Ок өткөрбөс айнек жогорку оптикалык тунуктукту, ар кандай курал менен атууда октун өтмө тешүүсүнөн коргоону камсыздайт.
Ок өткөрбөс айнек пленканы колдонгон технология боюнча өндүрүлөт, ал ок атуучу куралдын таасиринде айнектин сыныктарынын күбүлүп түшүүсүнүн алдын алуу мүмкүнчүлүгүн берет, башкача айтканда майдаланбас болуп саналат. Бардык айнектер МАМСТ 30826-2001 ТУ ылайык чыгарылат, тастыктамаланган органдарда сыноолордун толук комплексинен өткөн жана Кыргыз Республикасынын курулуш чөйрөсүндөгү Республикалык тастыктамалоо борборунун бардык Шайкештик тастыктамалары бар.

Керектөөчүнүн буйрутмасы боюнча коргоочу көп катмарлуу ок өткөрбөс айнек кыска мөөнөттө каалаган өлчөмдө, түстүү жана түссүз пленканы колдонуу менен түссүз айнектен даярдалат.

Айнек заводу ок өткөрбөс терезелердин бардык түрлөрүн даярдоо жана куроо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн толук комплексин сунуштайт (ачылуучу жана туюк, бардык коргоо классында айнектелеген, термомост менен «муздак» жана «жылуу» алкактар, зарыл болгондо айнек пакетинин курамында жеткирилет).